Жетинин айы 10, 2025
Убакыт: 05:44
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.080
1.110

Мамлекеттик башкаруу академиясында каржылык мыйзам бузуулар аныкталды

23.09.2025 15:18
153
Мамлекеттик башкаруу академиясында каржылык мыйзам бузуулар аныкталды


Эсептөө палатасынын кеңеши президенттин алдындагы Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2020–2024-жылдардагы бюджети боюнча шайкештик аудиттин жыйынтыктарын карады.


Ведомстводон билдиришкендей, аудит учурунда бир катар финансылык жана башкаруу тартибинин бузуулары аныкталды. Атап айтканда:


  • Материалдык запастарда ашыкча көлөм катталган;
  • Жаратылыш газы боюнча колдонуу лимити ашырылган;
  • Улуттук маалыматтык технологиялар борбору отчетторду толук эмес жана кеч тапшырган;
  • Бишкек финансы-экономикалык техникумунда студенттердин контракттык төлөмдөрү боюнча карыздары бар экени аныкталган;
  • “Ак-Толкун” мамлекеттик ишканасы академияга берилген каражаттарды кечиктирип кайтарган.


Аудиттин жыйынтыгында Эсептөө палатасы аныкталган бузууларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик ресурстарды башкарууда ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти күчөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыкты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн