Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 01:36
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мамлекеттик бажы кызматынын колл-борбору пилоттук режимде ишке киргизилди

25.12.2023 17:30
164
Мамлекеттик бажы кызматынын колл-борбору пилоттук режимде ишке киргизилди


Мамлекеттик бажы кызматынын колл-борбору пилоттук режимде ишке киргизилди.

Ведомстводон билдиришкендей, колл-борбор тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн жана кызыкдар жактардын кайрылууларына ыкчам реакция кылуу максатында уюштурулган.

Колл-борбор тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына жана кызыкдар жактарга бажы кызматынын ишмердүүлүгүнө тиешелүү суроолор боюнча маалыматтык-консультациялык кызматтарды көрсөтөт.

"Колл-борбордун иштөө убактысы иш күндөрү саат 9:00-18:00ге чейин. Маалымат алуу үчүн 1240 кыска номери аркылуу, ошондой эле, Whatsapp социалдык түйүнү (0500 91-08-50) жана Бажы кызматынын расмий веб-сайтындагы онлайн чат аркылуу байланышууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн