Мамлекеттик бюджетке өзгөртүү киргизилгенин вице-премьер-министри
Эркин Асрандиев 15-майдагы брифингде билдирди.
Анын айтымында мамлекеттик бюджетке өзгөртүү киргизүүгө башкы себеп катары чек-аралардын жабылганы, экономикалык чөйрөнүн токтоп калганы себеп болгон.
“Учурда бюджет 148 миллиард сом жоготууга учурады. Ал эми бюджетке 10 миллиарддан ашык каражат түшкөн жок. Бюджетке өзгөртүү киргени менен пенсия, жана жөлөк пулдардын суммасы азайтылган жок”, - деди Асрандиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн