Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мамлекеттик бюджеттин 8 айдагы кирешеси 252 млрд сомду түздү

27.09.2023 10:31
611
Мамлекеттик бюджеттин 8 айдагы кирешеси 252 млрд сомду түздү


Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү январь-август айларында 251,9 млрд сомду түздү, же белгиленген пландык тапшырма 111,6%га аткарылды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешелери 36,2%га, же 67 млрд сомго өстү. Отчеттук мезгил үчүн салыктык кирешелердин көлөмү 184 млрд сомду, же пландан 103,3%ды түздү. Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 40,4 млрд сомго, же 28,1%га өстү.

Салык кызматы тарабынан администрацияланган мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелери 115,2 млрд сомду түздү, пландуу көрсөткүч 100,9%га аткарылды. Ɵткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 16,6%га же 16,4 млрд сомго өстү.

Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 68,8 млрд. сомду же пландан 107,7%ды түздү. Өткөн жылдын тиешелүү деӊгээлине салыштырмалуу бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүлөрү 53,4%га же 23,9 млрд сомго өстү.

Ушул эле аралыкта мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 60,3 млрд сомду түздү, же план 146,4%га аткарылды. Ɵткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр дээрлик 2 эсеге, же 28,1 млрд сомго өстү. Кирешелердин олуттуу өсүшү берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар, акциялардын мамлекеттик пакети боюнча чегерилген дивиденддер, Улуттук банктын пайдалары, жыйымдар, акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер жана башка салыктык эмес кирешелердин негизинде болууда. Расмий гранттардан түшкөн каражат 7,6 млрд сомду түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн