Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып бир жылдан ашык убакыт мурда кармалган Марат Казакпаев ооруканага түштү. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, бүгүн, 9-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Саясат таануучунун жакындарынын айтымында, Казакпаев инсульт болуп, мээсине кан куюлган.
Буга чейин Казакпаевди оорусуна байланыштуу үй камагына чыгаруу өтүнүчү четке кагылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн