Мамлекеттик чыккынчылыкка шектелген саясат таануучу Марат Казакпаев жана Кыргыз Республикасындагы казак диаспорасынын экс-башчысы Марат Токтоучиков УКМКнын СИЗОсуна камалышы боюнча каршы арыз берген жок. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Белгилүү болгондой, эки шектүү тең тергөө учурунда өздөрүнүн күнөөсүз экендигин далилдөөнү чечишкен.
Эске салсак, 13-апрелде мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, Марат Казакпаев жана Марат Токтоучиков кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн