13-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып Марат Казакпаев жана М.Т. аттуу жаран кармалган.
М.Т аттуу жарандын ким экенин "Regnum" агенттиги Кыргызстандагы өздүк булактарына таянып билдирди. Анын маалыматына ылайык, М.Т. аттуу жаран Казакстандын Кыргызстандагы диаспорасынын мурдагы жетекчиси Марат Токтоучиков болуп чыккан.
Эске салсак, УКМК кармалган жарандар тууралуу жетиштүү фактылар бар экенин жана иш купуя болорун билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн