Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:23
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып эки жаран кармалды

13.04.2021 18:07
965
Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып эки жаран кармалды


Мамлекетке чыккынчылык кылган Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тышкы жана ички коркунучтардан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга багытталган, жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө, анын ичинде чет элдик атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо иштерине каршы туруу жөнүндө коомчулукка маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү ("Мамлекеттик чыккынчылык кылуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, республиканын айрым жарандарынын бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды.

2021-жылдын 13-апрелинде тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгынын жана мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилдеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын жарандары М.К. жана М.Т. кармалышты.

УКМК колдонуудагы мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет.

Кылмыш ишинин материалдарына берилген жашыруун сырдын чектелген даражасын эске алуу менен, тергөө иштеринин натыйжалары боюнча, бул адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын жагдайлары жөнүндө кененирээк маалымат коомчулукка берилмекчи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн