Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:06
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Мамлекеттик деңгээлде маселе көтөргөндөр шайланбай, көчөңө шагыл төгүп берем дегендер өтөт

23.09.2021 22:34
4150
Мамлекеттик деңгээлде маселе көтөргөндөр шайланбай, көчөңө шагыл төгүп берем дегендер өтөт


Төлөгөн Касымбеков–90:

БУЛ БАЯНДЫН МААНИ-МАЗМУНУ АЗЫР ДЕЛЕ АКТУАЛДУУ БОЙДОН


...1995-жылдын февралына эки палаталуу парламентке шайлоо белгиленген. Аксы районунда 12 кандидат (тогузу эл өкүлдөрүнө, үчөө мыйзам чыгаруу палатасына) чогуу айылма-айыл түрө кыдырышып (район жетекчилиги элди алагды кыла бербесин деп, ушундай график түзүп коюптур), аны кылдым-муну кылдым, эми тегирмен салып берем, телевышка орнотом, трактор алып берем, жериңди айдатып берем, жолуңарга шагыл төктүрөм, көпүрө салабыз, автобус каттатабыз сыяктуу чарбалык-тиричилик маанидеги убадаларды беришип, кандидаттардын өкүлдөрү кант-канделек, чай-чамек таркатып жүрүштү. Айрымдары өздөрүнүн чоң-чоң бизнес долбоорлорун сунуштап, жер бөлүп берсеңер плодокомбинат, кыш завод салам, асфальт завод курам деп да чыгышты. 


Мындай иштер депутаттын функционалдык (конституциялык) милдети эмес экенине, союздан калган формалдуу "депутаттык наказ" доору өтүп кеткенине эч ким деле маани берген жок, ураалап кол чаап жатышты.


Ошол чакта СССР урап, союздар аралык экономикалык байланыштар ыдырап, анын капшабы менен эгемендик болдук деп өз киндигин өзү кесип, суверен мамлекет катары түтүн булата баштаган Кыргыз Республикасы үчүн мындай чарбалык көйгөйлөр актуалдуу болгон (проблемалар азыр да бар, кийин деле боло берет). 


Бирок, ошо чакта КР өзүнүн Конституциясын кабыл алдык дегени менен мамлекеттик түзүлүштүн ички-тышкы жол-жоболорунун көбү мурунку Кыргыз ССРинин закондору менен жашап жаткан. Шайланып келчү ошо Парламенттин алдында мыйзамдарды суверен мамлекеттин Конституциясына ылайыктап дал келтирүүнү улантуу,  конституциялык жаңы закондорду кабыл алуу милдети турган. Бул багытта бир да кандидат программасында ооз ачышкан жок!. Антүүгө чамасы жетчүлөрү деле аз болчу, көбү жогор жактын айтканын гана аткарып көнгөн, мамлекеттик масштабда өз алдынча ой калчай албас "красный башкармалар, робот директорлор" жана бирин-экин жалаңтөштөр эле.


... Кезектеги жолугушуу Касымбековдун "Туулган жери" Ак-Жолдогу мектепте өтүп жаткан. Сөз кезегин бергенде Төкө трибунага чыкты. (Ал киши "легендарлуу парламенттин" депутаты, социалдык блок боюнча туруктуу комиссиянын штаттуу төрагасы болгон).


- Эгемен Кыргыз Мамлекетинин Конституциясынын долбоорун даярдап, кабыл алдык, Мамлекеттик Туу жөнүндө, Гимн жөнүндө, Герб жөнүндө, Бишкек шаары жөнүндө, массалык маалымат жөнүндө, Жер жөнүндө, Билим берүү жөнүндө, Мамлекеттик тил жөнүндө, саламаттык  жөнүндө, үй-бүлө жөнүндө, дин жөнүндө, ж.б. мыйзамдарды даярдап чыгып, кабыл алдык,- деп, өз алдынча мамлекет катары жаңыдан телчигип келаткан Кыргызстан үчүн бул мыйзамдардын маани-маңызы ж-ө айтып келатканда эле биринчи катарда отурган мурунку партиялык кызматкер бир аксакал ордунан туруп трибунанын тушуна барды да таягы менен Төкөнү сайгылап:


- Өй, Төлөгөн, өө-өй, Төлөгөн!. Сен аларды айтканыңы коё тур, сен эл үчүн эмне иш кылдың, биринчи ошону айтчы!!!


- Баланча аке, мен айткандын баары эл үчүн, мамлекет үчүн болуп жатпайбы!. Дагы көп-көп мыйзамдарды иштеп чыгышыбыз керек.


- Сен, Төлөгөн, кое тур!. Сен биздин айыл үчүн эмне  иш кылып бердиң, ошону айтчы!


...Ошондон кийин Төкө көпкө чейин ындыны өчүп, көңүлү чөгүп жүрдү. Бул сөздү башкадан укса, балким, маани деле бербейт беле, убагында А.Масалиевдин колунда бир шааркомдо заворготдел болуп жүргөн  тиги аксакалдын сөзү, сөзүнөн мурда да учурга көз карашы катуу тийди. Ал кишиге (башкаларга деле) мамлекеттүүлүктүн пайдубалы болуп берчү заң-закондорду иштеп чыгууга караганда он машина шагыл төгүп берүү же бир каптан ун таркатуу өйдө тураарына жаны кейип жүрдү. 


Депутаттын милдетине кирбесе да  тигиндей тирилик иштерин жасатып койгонго тили өтөт эле, өзү деле кылып коймок, бирок антип "элге жагынуу" Төкөнүн кылаары эмес эле, анын адебине, дүйнөтаанымына, социалдык статусуна ылайык иш  эмес болчу. Антип элдин көңүлүн алуу оюна да келбеген, анткенге  караганда мамлекеттик маанилүү чечимдерди иштеп чыгууну артык көрчү. 


Ушундай маанидеги суроолор башка айылдарда деле кайталанып жатты. Көрсө, элдин пейил-кую ошондо эле бузула баштаган экен, мамлекеттик деңгээлде  маселе көтөргөндөр шайланбай калышты, көчөлөргө шагыл төктүрүп, жериңи айдап берем деген берендер өттү...


Жаналы Нурманбетов

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн