Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мамлекеттик деңгээлдеги мааракелик иш-чаралар кыскартылат, - Минкаб

14.12.2023 14:00
260
Мамлекеттик деңгээлдеги мааракелик иш-чаралар кыскартылат, - Минкаб


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик деңгээлдеги мааракелик иш-чаралар кыскартыларын билдирди.


Анын айтымында, өкмөт мындан ары белгилүү адамдардын 100, 150 жана 200 жылдыгын гана белгилөө чечимин кабыл алган. Калган мааракелерди туугандары өзүнчө конференция, тегерек столдорду уюштуруп белгилей берсе болот.


"Алымбек даткадай биздин кыргыз элине абдан көп кызмат кылган инсандарыбыздын баарын 31-августта Эгемендүүлүк күнү менен кошо эскеребиз. Анан 80-90го чыкты деп маараке уюштуруп... Бала-чакасы бир жылкы сойгонго жарабаса, биякта биз ары-бери жүгүрүп жүрсөк туура эмес экен", — деди өкмөт башчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн