Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси канча айлык маяна алаарын айтты

28.06.2022 17:15
513
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси канча айлык маяна алаарын айтты


Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин 28-июндагы жыйынында депутат Искендер Матраимов МИК кызматкерлери канча айлык алып жатканына кызыкты.


Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Аида Төлөгөнова канча айлык маяна алаарын айтты.


Ал айлык маянасы 110 миң сом экенин билдирди.


"Бул айлык маяна. Анын үстүнө кошулган кошумча акчабы?", - деди депутат.


"Кошумча акча эмгек стажы үчүн гана берилет. Бөлүм башчылары 72,5 миң сом алышат", - деди ишкана жетекчиси.


"100 миң алам дейсиз, бирок бул жөн эле айлык, бонус менен 150-160 миң аласыз, туурабы?", - деп сурады Матраимов.


Төлөгөнова башын ийкеп жооп кайтарды. Бирок, анын айтымында, ал колуна салыктарды кармагандан кийин азыраак алат.


"МИК акционердик коом, бирок мамлекеттик ишкана. Айлыкты президентке караганда көбүрөөк аласыңар", - деп нааразы болду депутат.


Ал банктар кайтарылган насыядан канча пайыз алып жатканын сурады.


МИК жетекчиси 4% менен ипотека берилсе, 3% банкта калат, 1% компанияга келет, 8% менен кредит болсо, үстөктөр тең бөлүнөт деп жооп берди.


"Каражат биздин тейлөөгө жана жүгүртүү каражатыбызга, жаңы кредиттерге жумшалат. Каражаттын бир бөлүгүн дивиденд катары бюджетке жөнөтөбүз", - деп кошумчалады Төлөгөнова.


Матраимов МИКтин кереги жок экенин: компания түзүлгөндөн бери жети жыл ичинде бир дагы үй курулбаганын, ал техникалык гана функцияларды аткарып жатканын, жарандар өз алдынча турак-жай издеп жатканын, уюм акчаны гана бөлүштүрөрүн айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн