Бугу 08, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мамлекеттик ишканаларды менчикке өткөрбөй кирешелүү иштетсе болбойбу?

06.05.2021 10:38
1052
Мамлекеттик ишканаларды менчикке өткөрбөй кирешелүү иштетсе болбойбу?


5-майда жаңы Конституцияга кол койгондон кийин сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаров мамлекеттик ишканалар жеке менчикке өткөрүлөрүн билдирди. «Мамлекеттик менчикке караганда жеке менчик ээси натыйжалуу иштей тургандыгын экономикалык реалдуулук ырастады. Биздин милдет — мамлекеттик ишканаларда реструктуризация жүргүзүп, келечекте жеке менчикке өткөрүү. Ал эми стратегиялык объектилерде кызмат көрсөтүү сервистерин менчиктештирүү керек. Мамлекеттик мүлк фонду бул ишти аяктаган соң жоюлушу кажет», - деди мамлекет башчысы.


Учурда жалпы өлкө боюнча 104 мамлекеттик ишкана иштейт экен. Өткөн 2020-жылы алардан өлкө казынасына 521 миллион сомдон ашык каражат түшүптүр. Бул ишканалардын арасында кирешелүүлөрү да, тескерисинче чыгаша алып келгендери да бар. Алтургай Мамлекеттик мүлк фондуна бир нече жылдан бери отчет бербей келаткандары да бар.


Цифралар менен айта турган болсок, 104 ишкананын 38и кирешелүү, 19у чыгашалуу ишканалар. Дагы 9 мамлекеттин чыгымын мамлекет төлөйт, 2 ишкана жоюлуу алдында турат, 28 ишкана бир топ жылдан бери Мамлекеттик мүлк фондуна отчет берелек, 8 ишкана президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына карагандыктан Мамлекеттик мүлк фондуна отчет бербейт.


Кирешелүү ишканалардын катарына «Кыргыз темир жолу», ТЗК «Манас», «Мостостроительный отряд», «Инфоком», «Кыргызкөмүр», «Кыргызаэронавигация», «Инфо система», «Келечек», «Санаторий Ысык-Көл Аврора», «Туратали базары» жана башкалар кирет. Булардын ичинен эң эле кирешелүүсү «Кыргыз темир жолу» - өткөн жылы 1 миллиард 12 миллион 123 миң сом киреше тапкан.


Ал эми өткөн жылы киреше алып келбеген мамлекеттик ишканалардын катарына «Кыргыз жылуулук энерго», «Алтын-Көл пансионаты», «Мамлекеттик лотерея компаниясы», «Бажы инфраструктурасы», «Кыргыз туризм», «Кыргызавтобекети», «Семетей» мейманканасы жана башкалар кириптир.


Адегенде ушул киреше алып келбеген мамлекеттик ишканаларга токтололу. Эмне себептен булар киреше алып келбеди? Болбосо, көл жээгиндеги бардык шарттары менен, кеңири территорияны ээлеп турган пансионаттар турмак, жайкы сезондо көл жээгинен бир топ алыс эле жайгашкан жеке менчик үйлөрдүн ээлери да жакшы киреше табышат. Анда эмнеге «Алтын-Көл пансионаты» киреше таппайт? Анан аны киреше таппай калды деп жеке менчикке берип салсак, бир жылдан соң анын ээси болгон дамдын чөнтөгүнө жакшы киреше түшө баштайт. Эмне себептен? Ошол пансионаттын мамлекеттик болуп калганы үчүнбү? Жок, антип ойлосок адашабыз. Болгону ошол мамлекеттик пансионаттын жетекчилигинин шалаакылыгы, рынок шартын толук түшүнбөгөндүгү же ал жерде кандайдыр бир коррупциянын бар экенинин белгиси.


Эмнеге «Кыргыз жылуулук энерго», «Мамлекеттик лотерея компаниясы», «Кыргыз туризм», «Семетей» мейманканасы киреше бербейт? Бул мамлекеттик ишканалардын киреше табуу мүмкүнчүлүгү чектелүүбү? Жок, мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Болгону ал жерге заманбап билимдүү, рыноктун шартын билген, креативдүү менеджер жетекчи болушу керек.


Ушул эле чыгашалуу ишканаларды жеке менчикке берип койсок, эртең алар албетте кирешелүү болуп калат. Бул жагынан мамлекет башчысы туура айтты. Себеби, жеке менчиктин ээси аны кирешелүү кылыш үчүн күнү-түнү жүгүрүп иштейт. Ал эми мамлекеттик ишканага жетекчи болгондордун көпчүлүгү ал ишкананы өнүктүрүү, кирешелүү кылуу үчүн башын оорутпайт. «Эртең эле мени кызматтан алып коюшу мүмкүн» деген ой менен креслосуна чалкалап отуруп, кызматтык унаасы менен жайбаракат жумушка келип, кайра жайбаракат үйүнө кетип жүрө берет. Эгерде мына ушул критерийди эле жок кылсак, анда мамлекеттик ишканаларды мамлекеттин карамагында турганда деле кирешелүү кылууга жетише алабыз.


Ал эми азыркы тапта кирешелүү деп саналган мамлекеттик ишканалардын кирешесин андан жок эле дегенде эки эсеге арттырууга мүмкүн. Болгону мамлекет тарабынан катуу көзөмөл керек. Ал жердеги коррупцияны жоюп, жетекчилик кызматтарга жакшы айлык акысы менен креативдүү менеджерлерди алып келүү зарыл. Ошондо мамлекеттик ишканалар жеке менчикке өтпөй деле кадимкидей жакшы киреше таба баштайт. Жеке мнчикке өтүп кетсе, киреше бир адамдын чөнтөгүнө түшөт.


Ырас, салык, соцфонд өңдүү төлөмдөрдү төлөйт. Бирок, олчойгон киреше жеке адамдын чөнтөгүнө кетип жатпайбы. Ошону мамлекет өз чөнтөгүндө калтырса болбой калабы? Андыктан бул жаатта мамлекеттик бийлик дагы бир жолу терең анализ жүргүзүп, дагы бир жолу салмактап көргөндөрү оң.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн