Бугу 11, 2024
Убакыт: 01:30
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мамлекеттик катчы Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетовдон кабар алды

18.04.2023 16:02
241
Мамлекеттик катчы  Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетовдон кабар алды

Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 18-апрелде, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, акын жана жазуучу Асек Урманбетовдун үйүнө барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Жеңиш күнүнүн алдында Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан уникалдуу мааракеге – туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата жылуу куттуктоо сөздөрүн окуп берди.


Куттуктоодо Мамлекет башчысы Асек Урманбетовго турмуштагы эрдиги, бекемдиги жана Жеңишке карай кажыбас эрки үчүн ыраазычылык билдирип, чың ден соолук каалады.


Баарлашуунун жүрүшүндө Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери эрдиктин, кайраттуулуктун жана берилгендиктин, чыныгы мекенчилдиктин жана Мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсү экенин белгиледи.


Өз кезегинде Асек Урманбетов Мамлекет башчынын көңүл буруусу жүрөгүн жылытканын баса белгилеп, куттуктоолор жана каалоо-тилектер үчүн ыраазычылыгын билдирди.


Ардагер накыл сөзүн айтып, батасын берип, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн ийгиликтерди, жетишкендиктерди да каалап өттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн