Бугу 13, 2024
Убакыт: 01:24
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мамлекеттик катчы Абыкеев Нурсултан Назарбаевге жооп кайтарды

08.07.2021 16:17
1070
Мамлекеттик катчы Абыкеев Нурсултан Назарбаевге жооп кайтарды

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев “Азаттыкка” маегинде Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин пикирине жооп берип, Кыргызстан экономикалык жактан утурумдук кыйналганы менен демократиялык өзгөрүүлөр эң башкы жетишкендик экенин айтты.


“Казакстандын өзүнүн жолу, жетишкендиги, ал эми Кыргызстандын өз жолу, жетишкендиги бар. Мурдагы Советтер Союзунан бөлүнүп чыккан мамлекеттердин ичинен Кыргызстан демократиялык өлкө катары белгилүү болуп калды. Биздин жетишкендигибиз - демократиянын коомубузга терең орногону. Бирок Казакстандагыдай мунай, газ жок болгондуктан экономикалык жактан артта экенибиз чындык. Ошол эле маалда сырткы карызды жан башына эсептей келгенде Казакстандын карызы биздин өлкөдөн көп болбосо, аз эмес. Ошондуктан, Казакстандан деле мактана тургандай абалды көргөн жокмун. Бирок биз салыштырбай, буга чейинки тандап алган демократиялык жолдон чыкпашыбыз керек. Себеби, элдин мүнөзү, баалуулугу да ушуга туура келет”.


Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев соңку маегинде Кыргызстанга баасын берип, өлкөдө демократия болушу үчүн экономиканы өнүктүрүү зарыл экенин айткан. "Демократия курабыз деген коңшу өлкөдө 30 жылда эч нерсе жасалган жок", - деген Назарбаев.

Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн