Бугу 10, 2024
Убакыт: 22:02
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Мамлекеттик катчы: Кыргыз эли өзүнүн тайманбас уулдары менен сыймыктанат

17.02.2023 19:09
203
Мамлекеттик катчы: Кыргыз эли өзүнүн тайманбас уулдары менен сыймыктанат

 Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 17-февралда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда «Чептен эрдин күчү бек» деген темада жогорку окуу жайлар арасындагы илимий-практикалык конференцияга катышты.


 Конференцияга мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Коргоо, Ички иштер, Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү жана илим министрлери, жогорку окуу жайлардын ректорлору, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ардагерлери, профессордук-окутуучулар курамы, курсанттар жана студенттер чакырылган.  


 Иш-чаранын максаты — ар бир атуулдун Мекенге болгон сүйүү сезимин өстүрүү, өсүп келе жаткан жаш муундарды Мекенди сүйүүгө, коргоого жана аны көздүн карегиндей сактоого үндөө. Баткен коогалаңында курман болгон баатырлардын элесин эскерүү жана кыргыз элинин баатырларынын көрсөткөн эрдиктерин жана каармандыктарын жаштарга үлгү катары көрсөтүү.


 Мамлекеттик катчы белгилегендей, азыркы кезде мекен чегиндеги аскер кызматкерлеринин эрдиги өсүп келе жаткан муунду патриоттук духта тарбиялоодо чоң түрткү берет.


«Кыргыз эли өзүнүн тайманбас, баатыр, мекенин коргогон уулдары менен ар дайым сыймыктанат», — деп баса белгиледи Сүйүнбек Касмамбетов.


 Конференциянын жүрүшүндө «23-февраль — Мекен коргоочуларынын күнү», «Баткен окуясы 1999-2000-жылдар», «Мекен чегин коргоо — ыйык милдет» деген темаларда баяндамалар жасалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн