Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 18:32
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Мамлекеттик катчы эмне жумуш кылат?

05.05.2021 13:34
958
Мамлекеттик катчы эмне жумуш кылат?


Бир убакта Кыргызстанда үлкөн кызматтардын бири болуп туруп эле кийин жок болуп кеткен Мамлекеттик катчы институту кайрадан жандана турган болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол коюуга арналган иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө билдирди.


Ал өз сөзүндө Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон берки изденүүлөрүнөн кийинки бүгүнкү абалы кандай экенин төмөндөгүчө сүрөттөдү. «Элибиздин салт-санаасынын, маданий жана рухий дөөлөттөрүнүн деградацияга кириптер болушу; коомубуздун чар-жайыттыгы; мамлекетти башкаруу системасы сенектикке учурашы; экономика чабал; өлкөбүздүн сырткы күчтөрдөн, асыресе ресурстардан жана таасир этүүчү борборлордон көз карандылыгы».


Ырас, тана албай турган жагдай. СССР ыдырагандан кийин кайда баратканыбыз так билинбей, эл өзүнчө, мамлекеттик бийликте отургандар өзүнчө «жашап» жаткандай таасир жаралган. Совет доорундагыдай көздөгөн максатыбыз эмне экени, кайда барарыбыз айтылбай, белгисиз маршрутка түшүп калдык. Күркүрөп-шаркыраган дарыянын айлампасына түшүп калып, чыгалбай жаткандай эле кейипке түштүк. Чындыгында элибиздин салт-санаасы, маданий мурастары жана рухий дөөлөттөрү деградацияга кириптер болду. Адамдардын жан дүйнөсүн боштук ээледи. Кара курсакты тойгузуу, материалдык байлык топтоо биринчи орунга чыкты. Ошол байлыкты да кандай жол менен табуу туура экенин эч ким айткан жок. Натыйжада отуз жылдан бери соода-сатык менен алектенип, эптеп бир үй куруп, бир машина алгандар болсо, министр, депутат болуп иштегендер алардан он эсе, жүз эсе бай болуп чыга келишти.


Чет өлкөдөн алган гранттар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү алган акчаларын актоо үчүн элибиздин салт-санаасын тепсеп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштөөгө да даяр болушту. Бул жол тезирээк байып алуунун эң эле оңой жолуна айланды. Албетте, чиновниктердин креслосунан кийинки эле.


Натыйжада эмне болду? Мамлекетибиз чабал, экономикасы алсыз, ал эми чиновниктер ашынган байларга айланды. Жеке кызыкчылыктарынан жогору көтөрүлө албаган чиновниктер мамлекетти башкаруу системасын сенектикке айлантты. Кыргызстандын табигый  жана адамдык ресурстарын туура пайдаланып, бакубат өлкөнү куруп, түрдүү сырткы таасирлерден куткаруунун жолун издеген жокпуз. Мамлекеттик жогорку кызматтар мамлекет үчүн иштөө эмес, бай жашоо жана коомдо таасирдүү болуу түшүнүгүнө ооп кетти.


«Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» дейт элибиз. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында жогорку мамлекеттик кызматтагы чиновниктер кандай аракеттерди жасаса, ал улам кийинкилер тарабынан уланды. Министр, же депутат болуш үчүн ашыкча башты оорутуп окуунун кереги жоктой, андан көрө кошоматты мыкты жасап, керектүү жерден бакылдап сүйлөп, экини экиге кошкондо беш чыгара ала тургандай шылуундук талап кылына тургандай көрүнүш жаралды. Жыйынтыгын көрүп жатабыз, министрликтерде кайсыл район кайсыл облуска караарын билбегендер отурса, парламентте оюн жеткиликтүү түшүндүрө албагандар толуп алды. Кыргызстанда билим берүү жана маданияттын деңгээли канчалык төмөн түшүп кеткенин азыркы министрликтер менен парламент далилдеп турат.


Эртең өзү иштеп жаткан кызмат ордунун так аталышын да билбей тургандар бийликке келип калбашы үчүн бүгүнтөн тарта аракеттер башталышы керек. Андыктан президенттин мамлекеттик катчы институтун атайын киргизгенибиз тууралуу айтканы колдоого татыктуу. «Биз улуттук маданиятты, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү, кыргыз коомунун кайра идентификациялоо — улуттук кайра жаралуу процесси, кыргыз диаспоралары менен өз ара байланышуу маселелерин өзүнчө блокко камтыйбыз. Бул багытта Мамлекеттик катчы иш алып барат. Анын иш-милдеттерине идеология, таалим-тарбия, жарандык коом менен өз ара кызматташуу, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак маселелери кирет», - деди Садыр Жапаров.


Туура кадам. Бирок, ушул кызмат ордуна ким келет? Пландалган иш-аракеттердин натыйжалуу жүзөгө ашуусуна мамлекеттик катчы кызмат ордуна келе турган адамдын деңгээлинен көз каранды. Ага күн карама, жалтаң, өз пикири жок, айтканды гана аткарган кадр келсе, анда улуттук кайра жаралуу процесси ордунан да жылбайт дей берсек болот. Билими терең, маданиятты, илимий чөйрөнү мыкты билген, өзүнөн идея чыккан, мыкты сунуш-демилгелерди айта ала турган, жалтаңдабаган кадр келсе гана бул институт өз ишин жүргүзө алат. Ал түздөн-түз президентке баш ийүүчү кызмат адамы катары мамлекет башчысына канат-бутак боло алышы маанилүү. Мамлекеттик катчы мамлекеттин саясатын маалыматтык талдоо жана идеологиялык жактан камсыз кылуу жумуштарын координациялайт. Коомдук уюмдар, саясий партиялар жана диний конфессиялар менен байланыштарды кармап турат. Бирдиктүү кадр саясатын ишке ашырат. Демек, ага келген адам ар тараптуу дасыккан адис болушу шарт. Анын кылдат ишмердүүлүгүнүн натыйжасында келечек билимдүү, маданияттуу жаштарда экенине толук ынаным жаралуусу шарт. Эл саясаттан алыстап, маданият, адабият, искусство, илим-билимдеги жетишкендиктер тууралуу көбүрөөк сөз кылып, көбүрөөк ошол жакка ык алып кала тургандай натыйжа керек. Ошондо ар ким өзүнүн жумушу менен алек болуп калат. Ар ким өз жумушун мыкты жасай баштаганда гана өлкөдө стабилдүүлүк жана туруктуу өнүгүү пайда болот.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн