Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:17
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Мамлекеттик катчы окуучуларга ачык сабак өттү

02.09.2024 13:56
254
Мамлекеттик катчы окуучуларга ачык сабак өттү


Бүгүн, 2-сентябрда өлкөнүн бардык жалпы билим берүү уюмдарында биринчи коңгуроо кагылып, жаңы окуу жылы башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында жана жаңы окуу жылынын башталышына карата мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов борбордогу Т. Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында ачык сабак өттү.

Zoom платформасы аркылуу өтүп жаткан сабакка билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана 100 мектептен миңдеген окуучу катышууда.

Сабактын максаты – билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар жөнүндө маалымат берүү, мындан тышкары, балдарга билимдин маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү, Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата өзүнүн жарандык позициясын калыптандыруу болуп эсептелет.

“Мектептерде окуучулардын илимий-техникалык жактан билимин көтөрүү менен бирге улууларды, устаттарды урматтоого, элибиздин нарк-насилин, каада-салтын аздектөөгө, кыргыз тилин так билүүгө маани берилүүдө”, - деди мамлекеттик катчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн