Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:59
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Мамлекеттик катчы институтуна Каныбек Осмоналиев татыктуу

21.04.2021 18:51
916
Мамлекеттик катчы институтуна Каныбек Осмоналиев татыктуу


Жаңы Баш мыйзамдын долбоорундагы айрым норма, жаңычылдыктарды колдобосом да,  Мамлекеттик катчы институтунун киргизилгендигин кош колдоп  колдойм. Болбосо илимий-билимий, маданий-адабий, социалдык тармактар сөздүн толук маанисинде жетим калышты. Алардын иштерин координациялап, арыз-муңдарын угуп, аларды мамлекет башчысына жеткирип турган эч ким болбой калды. Бирок, Мамлекеттик катчынын компетенциясына кирген маселелер, ыйгарымдары кандай болот? Ал жетишерлик ыйгарымдары, өзүнчө аппараты жок  жөн эле “свадебный генерал” болуп калса, ишинин натыйжасы деле болбойт, анда аталган институт  өзүн актабайт. Аны элдин, мамлекеттин рухий, адеп-ахлактык дөөлөттөрүнө, улуттук баалуулуктарына  координатор кылып койгондон кийин, демек, анда жетишерлик ыйгарымдар да болушу керек.  Мамкатчы институтунун түзүмүн аныктоодо президент ушул жагдайларды эске алат деп ишенгим келет.


Ал эми Мамлекеттик катчы кызмат ордуна кимдер  татыктуу? Ѳлкѳ башчы бул кызматка кимди дайындаса туура болот? Албетте,  бул «ѳзүбүздүкү  эле, партиялашым эле, жердешим эле…» ж.б.у.с.  сыяктуу принциптер менен дайындай салчу кызмат эмес. Башкысы,  ал адам кыргыздын  улуттук кѳркѳм дѳѳлѳт, нарк-насил, руханий мурастарын, кыргыздын тарыхын, ѳтмүшүн,  маданиятын, адабиятын  жакшы билген адам болушу зарыл. Улуттук идея, идеология маселелеринде терең түшүнүгү бар адам болууга тийиш!


Айтымда, бул кызматка ЖКнын мурдагы депутаты, саясий жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев  келет  экен. Эгерде андай болсо, анда бул президент тарабынан  туура чечим болот деп эсептейм. Каныбек мырза так илимдер боюнча доктор, профессор болсо да улуттун кѳркѳм дѳѳлѳтүн, руханий мурасын, тарыхын,  жакшы билген, улуттун уңгусун жакшы түшүнгѳн  адам. Ага аны менен журналист катары болгон маектеримде ынангам. Анын үстүнѳ кѳптѳн бери  элибизге улуттук идеология абадай зарылдыгын, ансыз кыйын болорун айтып, коңгуроо кагып, бул маселеге кайдыгер эместигин билдирип келет. Илими, билими, дүйнѳтаанымы, кѳрѳңгѳсү, жетекчилик жана саясий  тажрыйбасы Мамлекеттик катчы кызматын татыктуу алып кеткенге жетишет. 


Каалаганым эле, эгерде Каныбек мырза Мамкатчы болуп калса, мамлекеттик дейбизби, же улуттук дейбизби, айтор, идеология жаатында  баштаган иштерин улантып, аягына чыгарып, Программабы,  Концепциябы иштеп чыгып, аны элибизге жеткирип, сиңдирсе. Буга чейинки кѳп программа, долбоор, документтердин катарын толуктабашы керек.  «Бүгүн кимбиз, эртең ким болобуз, алган багытыбыз кандай, канткенде улут катары сакталып, ѳнүгѳбүз, канткенде дүйнѳлүк глобалдашуунун  доорунда улуттук иденттүүлүгүбүздү, ѳзгѳчѳлүгүбүздү сактап калабыз» деген сыяктуу маселелерге  идеологиянын алкагында жооптор табылышы керек. Мамлекеттик катчынын башкы милдети, вазийпасы ушунда болушу зарыл! Аны Каныбек Осмоналиевич эң жакшы билет, түшүнѳт.


Мирлан Дүйшенбаев, журналист

P.S: Автордун макаласы редакциянын позициясын билдирбейт

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн