Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик кесиптик лицейлердин жана колледждердин жетекчилик кызматтарына сынак жарыяланганын билдирди.
Сынактык тандоого катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- арыз;
- паспорттун көчүрмөсү;
- кадрларды эсепке алуу боюнча толтурулган баракча (жашаган жеринин дареги жана байланыш телефон номерин жазуу керек);
- резюме (электрондук дарегин көрсөтүү менен), өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу тууралуу маалымкат);
- билими жөнүндө документтин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык же иштеген жериндеги кадр кызматы тарабынан);
- Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан берилген соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3*4 өлчөмүндөгү 2 сүрөт;
- окуу жайды өнүктүрүү боюнча иш планы;
- Дело №.
Документтерди кабыл алуу 10-январда башталып, 23-январь күнү саат 18:00гө чейин уланат.
Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек шаары, Касым Тыныстанов көчөсү 257, Билим берүү жана илим министрлиги, 219-кабинет. Сурап-билүү телефондору:
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн