Жогорку Кеңештин атынан төрага Дастанбек Жумабеков Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан билдирди.
Жумабеков мамлекеттик кызматтагы адамдардын жогорку адискөйлүгү, ак ниеттүүлүгү жана жоопкерчиликтүүлүгү гана башкаруунун натыйжалуу уюштурулушуна өбөлгө түзө турганын белгилеп, өкмөттүн жалпы иши алардын кылган аракеттерине түздөн-түз көз каранды экенин айтты.
“Айрыкча, өзгөчө абал шартында сиздер жарандарыбыздын саламаттыгын коргоодо зор эмгек жумшадыңыздар. Медицина кызматынын кызматкерлери менен биргеликте COVID-19 илдетине каршы алгылыктуу күрөш жүргүзүп келдиңиздер. Биз өз өмүрүңүздөрдү тобокелдикке салып, коронавирустан элди коргоо ишин татыктуу улантып жатканыңыздар үчүн абдан ыраазыбыз”, - деп билдирди куттуктоосунда.
Ошону менен бирге ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызматкерлерине талыкпаган эмгекчилдиги, жогорку адискөйлүгү жана Кыргызстандын элине кызмат кылуу максатында көрсөткөн күжүрмөн даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн