Бугу 12, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мамлекеттик кызматкерлерди аралыктан иштетүү маселеси каралат

25.06.2020 15:12
1056
Мамлекеттик кызматкерлерди аралыктан иштетүү маселеси каралат


Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков бүгүн, 25-июнда Республикалык штабдын жыйынында мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине кызматкерлердин аралыктан иштөө маселесин карап чыгууну тапшырды.

«Республикада эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу кызматкерлерди аралыктан иштөө режимине өткөрүү уюштурулушу шарт. Бирок бул аракет мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши керек. Кеңселерде түзүлгөн кырдаалда мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн камсыз кыла турган саналуу гана кызматкерлер иштеп, имараттардын ичинде санитардык нормалар тийиштүү деңгээлде сакталууга тийиш», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Штабдын жыйынында тармактык мамлекеттик коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин күчөтүү үчүн маалыматтык жана интернет-технологияларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн