Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:39
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы кыскарбайт

17.04.2020 17:51
1494
Мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы кыскарбайт


Өзгөчө кырдаалдар режими жана өзгөчө абал учурунда штаттык режимде ишке тартылган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы толук көлөмдө төлөнөт, деп билдирди өкмөттүн аппараты. 


Алардын билдирүүсү боюнча, карантин учурунда аралыктан иштеген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы түздөн-түз иш ордундагы милдеттерин аткаруудан көз каранды болгон үстөктөрдөн тышкары тийиштүү кошумча төлөмдөрдү (иштеген жылдары үчүн, класстык чин, окумуштуулук даражасы жана бийик тоолуу, алыскы аймактар) эске алуу менен төлөнөт. 


Белгилей кетсек, буга чейин республиканын аймагындагы өзгөчө абал учурунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысы кыскарары тууралуу социалдык түйүндөрдө маалымат тараган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн