Өлкөбүздө мамлекеттик кызматкерлердин саны 30 пайызга кыскара турган болду. Буга байланыштуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык президенттин администрациясынын, министрликтердин, комитеттердин, административдик бөлүмдөрдүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга кыскарат.
Президенттин администрация башчысынын орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу – бул мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары системасын оптималдаштыруу боюнча иштин экинчи этабы. Эгер мамлекеттик кызматкерлердин саны 30 пайызга кыскарса, анда мамлекеттин бюджети 2 миллиард сомго жакын акча каражатын үнөмдөйт. Ошол үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү каралат.
Мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу маселеси мурдагы бийликтегилердин учурунда да көтөрүлгөн. Мисалы, К. Бакиевдин маалында мамлекеттик кызматкерлердин саны 20 пайызга чейин кыскара турганы айтылган. 2011-жылы жаңыдан президент болгон А. Атамбаев да бийлик бутактарындагы аткаминерлердин санын кыскартуу демилгесин көтөргөн. 2012-жылы ал кездеги премьер-министр Ө. Бабанов мамлекеттик кызматкерлердин санын 10 пайызга кыскартуудан мамлекет 500 миллион сом үнөмдөгөнүн билдирген. Андан кийин 2017-жылы С. Исаков да «Кыркы кадам» программасынын алкагында мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу ишин баштаган.
Бирок, мына ушул аракеттердин натыйжасы байкалган эмес. Тескерисинче, улам көбөйүп жаткнадай таасир калтырат. Мисалы, 2018-жылы Кыргызстанда 27 миң мамлекеттик кызматкер бар экени айтылган. Ал эми 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин мамлекеттик кызматкерлерди азайтып, мамлекеттик органдардын тутумун реформалоо үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссиянын төрагасы Бакыт Аманбаев өлкөбүздө 28 миң мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар экенин айткан. Эми болсо президенттик администрация башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлердин саны 34 миңден ашуун экенин айтып отурат. Анын айтымында 1996-жылы 26 миңден ашык, 2010-жылы 30 миңден ашык мамлекеттик кызматкер болгон.
Демек, биз мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартабыз деген аракеттердин натыйжа бербей келгенин түшүнүп жатабыз. Эгер бул ирет 30 пайызга кыскартуу иши реалдуу жүзөгө ашса, анда 10-11 миң мамлекеттик кызматкерге кыскара турганы да айтылууда. Ошондо азыркы тапта 34 миң мамлекеттик кызматкер болсо, кыскаруудан кийин алардын саны 23-24 миң болушу керек. Ошондой болобу же болбойбу, бул биринчи маселе.
Экинчиден, кыскаруу кандай негизде жүрөт? Жогору жакта тааныш-билиштери барлар, жакшы мамиледегилер мамлекеттик кызматта калып, таанышы жоктор гана иргелип жумушсуз калып калбайбы? Билими, тажрыйбасы эске алынабы?
Анан дагы мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартууда жетекчилик кызматтар да кыскарабы, же жалаң катардагы кызматкерлерге тиешелүү болобу?
Төртүнчүдөн, Кыргызстанда ансыз да жумушсуздук маселеси күчүндө. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2020-жылы расмий түрдө 156 миң адам жумушсуз деп катталган. Бул катталгандары гана экенин эске алалы. А реалдуулукта жумушсуздардын саны бул цифрадан бир нече эсеге көп болушу мүмкүн. Ошондо мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу менен расмий түрдө жумушсуздардын санын 166-167 миңге жеткирген болобузбу?
Албетте, мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу, оптималдаштыруу зарыл маселе. Бирок, ошол эле убакта жумушсуздук маселесин чечүү андан да зарыл экенин эстен чыгарбоо маанилүү. Жумушсуздук – бул калктын жакырланышына алып келе турган жагдай. Андыктан мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу, оптималдаштыруу менен бирге мамлекеттик кызматтан тышкары жаңы жумушчу орундарынын түзүлүшү багытында да чечкиндүү аракеттер болсо туура болмок.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн