Кулжа 26, 2024
Убакыт: 14:41
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри бекитилди

17.06.2024 10:21
123
Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри бекитилди


Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестри бекитилди. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 12-июнда жарык көргөн.


Маалыматка ылайык, анын максаты — жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.


"Реестрге кирбеген мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтар үчүн мекеме жетекчилери жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленген. Аталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы мыйзамдарга ылайык түзүлөт жана монополияга каршы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылып бекитилет", — деп жазылган маалыматта.


Токтомдун күчү төмөндөгүлөргө жайылтылбайт:

- мамлекеттик ишканаларга;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын мекемелерине (ишканаларына);

- ЖМК катары катталган мамлекеттик менчик формасындагы юридикалык жактарга;

- театралдык оюн-зоок мекемелерине жана музей коллекцияларын көрсөтүүгө;

- өзгөчө статусу бар мамлекеттик ЖОЖдорго.


Ошондой эле өз милдеттерин аткарып жаткан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, ишканалардын бири-бири менен кызматташуусу жарандык мыйзамдарга ылайык келишимдик негизде жүзөгө ашырылары айтылган. Бул аракеттерге дагы токтомдун күчү жайылтылбай турганы кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн