Бугу 03, 2024
Убакыт: 15:47
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Мамлекеттик концепцияларды ишке ашыруу маселеси талкууланды

31.01.2023 16:46
164
Мамлекеттик концепцияларды ишке ашыруу маселеси талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Кыргыз жараны», «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат», «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү» концепцияларын ишке ашыруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.


Эдил Байсалов бул концепцияларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн жана программалык документтердин алкагында иш-чаралардын планын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.


«Аталган мамлекеттик концепциялар маанилүү, ошондуктан бул документтердин алкагында коюлган максаттарды ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын толук кандуу катышуусу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү зарыл. Бул чаралардын бардыгы элибиздин биримдигин чыңдоого, атуулдукту өнүктүрүүгө, жарандардын руханий-адептик жактан өнүгүүсүнө, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган”, - деди Байсалов.


Кеңешменини жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн