Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:14
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мамлекеттик курулуш агенттиги курулушу бүтпөй калган имараттарды бүтүрүү максатында жаңы курулушка мораторий жарыялоону сунуштады

24.03.2022 12:49
633
Мамлекеттик курулуш агенттиги курулушу бүтпөй калган имараттарды бүтүрүү максатында жаңы курулушка мораторий жарыялоону сунуштады

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2022-2023-жылдарга жаңы курулушка мораторий киргизүүнү сунуштоодо.


Маалыматка ылайык, өлкө боюнча 13,9 млрд сомго курулушу бүтпөгөн 491 объект эсептелет. Буга байланыштуу Мамкурулуш агенттиги эки жылга жаңы курулушка мораторий киргизүүнү сунуштоодо. Каржылоо көлөмүнөн баштап, алдыдагы жылы социалдык-маданий багытында 70тен кем эмес объекттин курулушун бүткөрүү жана ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында 2022-жылы республика боюнча 74 объектти куруу жана реабилитациялоо зарыл.


Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Бөрүбаевдин айтымында, Финансы министрлигине сунуш жиберилип, каралууда.


“Биздин базада 245 авариялык абалдагы мектеп бар. Алардын ичинен 36сында жумуштар бүтүп, 47 мектеп оңдолууда. Дагы авариялык абалдагы 83 объект калды. Бөлүнгөн каражаттар биринчи орунда ушул сыяктуу объекттерге жумшалышы керек”, - дейт ал.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн