Тогуздун айы 09, 2025
Убакыт: 21:41
USD
87.30
87.80
EUR
101.30
102.30
RUB
1.065
1.095

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде коррупциялык схема аныкталды

07.10.2025 15:16
52
Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинде коррупциялык схема аныкталды


Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте коррупциялык схеманын бети ачылды.


УКМКдан билдиришкендей, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде Финансы жана контролдоо бөлүмү мамлекеттик мүлктү берүү боюнча электрондук аукциондордон жасалма протоколдорду колдонуу менен электрондук аукционго катышпаган жеке жактарга кепилдик төгүмдөрүн кайтарып берүү түрүндө ири суммадагы акча каражаттарын ижарага которуп, кийин жооптуу кызматкерлер аталган каражатты материалдык баюу максатында өздөштүрүшкөн.


Аталган факты боюнча үстүбүздөгү жылдын, 3-октябрында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Финансы жана контролдоо бөлүмүнүн башкы адиси (эсепчи) 1996-жылы туулган С.А.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.


Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн