Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 20:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна келүүм күтүүсүз болду, - Мирлан Бакиров (видео)

05.04.2021 17:09
1120
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна келүүм күтүүсүз болду, - Мирлан Бакиров (видео)

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Мирлан Бакиров өзүнүн алдына так милдеттерди койду – бардык кирешелүү мамлекеттик ишканаларды көзөмөлдөө. Бул тууралуу жана башка пландары жөнүндө VB.KG. сайтына берген маегинде билдирди.

- Жакындан баштап Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектей баштадыңыз. Бул дайындоо сизге күтүүсүздүк болдубу?

- Ооба, чынын айтканда, бул сунуш мен үчүн күтүүсүз болду. Сиздер жакшы билгендей, мен Жогорку Кеңештин депутаты жана вице-спикери болчумун. Бирок өзүмдүн конкреттүү жыйынтыктарымды көргөзүп, аткаруу бийлигинде дагы иштегим келчи.  

- Жогорку бийликтеги чиновниктердин бири депутаттык кызматтын жоопкерчилиги аз болгондугу үчүн шайлоого барганын билгем. Сиз тескерисинче, мамлекеттик аткаруу кызматына умтулуптурсуз.

- Ооба, депутат көп эркиндикке ээ болот, мен ага кошулам. Бирок адамдын өзүнөн жана мамлекетке пайда келтирүү каалоосунан көз каранды. Парламентте деле иштер толтура, аны менен катар мыйзам чыгаруучулук. Ал эми Мүлктү башкаруу фондундагы иштер мен депутаттыкка келгенге чейин эле тааныш болчу.

Бул кызматка келээрим менен бардык документтерди, анын ичинде ижара акылары, мамлекеттик мүлк боюнча маселелерге тиешелүү биздин мекеме жетекчиликке алуучу өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин токтомдору, нормативдик-укуктук актыларды терең изилдөөнү баштадым.

Албетте, бул бир эле адамдын жумушу эмес, а бардык команданын иши. Ошондуктан мен ишенип турам, бардык кирешелүү мамлекеттик ишканаларды, анын ичинде бюрократиялык процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жолу менен ижара акылары боюнча кирешелерди көбөйтүү милдеттерин ишке ашырууну алдыга коюп жатабыз.

Ошондой эле ар кандай мүлктөр боюнча көп жылга созулган соттук териштирүү иштерине тиешелүү. Бул маселелерди чечүү боюнча дагы белгилүү пландарыбыз бар.

Жалпысынан төмөндөгү пландарды алдыга койдук:

- Бюджетти толтуруу.

- Бардык мамлекеттик ишканалардын ачык айкын иштөөсү, аны менен катар мамлекеттик үлүшкө катыштыгы бар акционердик коомчулуктун ачыктыгы.

- Сиздин негизги милдетиңиз мамлекеттик ишканалардын эсебинен бюджетти толтуруу болуп жатат, мен туура эле түшүндүмбү?

 - Мен өзүмө так ушул багыт боюнча милдеттеме койдум. Азыр мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринен сунуштарды чогултуп жатам, мындан аркы өнүгүүлөрүнө эмне тоскоолдуктарды жаратып жатат жана конкреттүү кандай жардамдар керек билүү максатта. Мен ойлойм, кайсы-бир мөөнөттө сөзсүз түрдө натыйжа болот деп.  

Ошондой эле ижаранын шарттарын кароону пландап жатабыз. Тиешелүү документтерди даярдадык. Ижара төлөмдөрү толугу менен өлкө бюджетине которулат дагы, мекеме өзү бир дагы тыйынды албайт. Ижара акы төлөөчүлөр кандайдыр бир пайызын алса жакшы болмок, себеби аларды кызыктырыш үчүн.

- Кудуретсиз ишканалар тууралуу эмне айта аласыз?

- Болжолдуу эсептөөлөр боюнча мындай ишканалар 30-35 пайызга жакын. Буларга соттошуп жаткан ишканалар да тиешелүү жана алар боюнча конктреттүү иштерди жүргүзөбүз. Тактап айтканда, адегенде биз кудуретсиз болуп жатканына эмне себеп болгонун түшүнүшүбүз керек.

Экинчиден, бул багытта ишкананын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жоопкерчиликтерин кароону туура деп эсептейбиз. Мисалы, ишкананын кирешесин көбөйтүү боюнча кандай сунуштар каралды? Себеби дегенде ишкана кудуретсиз дешет, а айлык акыны алып жатышат.

Толугу менен бул видеодон көрсөңүз болот.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн