Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:09
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат. Мыйзамга кол коюлду

11.01.2024 17:31
359
Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештер жоюлат. Мыйзамга кол коюлду


Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” КР Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты - “Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” КР Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу жолу менен мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук кеңештерди жоюу.

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн