Бугу 10, 2024
Убакыт: 06:56
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууну баштады

18.01.2021 11:48
561
Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алууну баштады

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниясын баштады. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.


Маалым болгондой, кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтмөкчү: 1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелер же жер участоктору жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.


Демек, үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин Бирдиктүү салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.


1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.


Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги Мыйзамына ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын берүүгө жетишпеген жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн