Асел Кененбаева Мамлекеттик санариптик өнүгүү кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.
Кененбаева IT багытын жетектей турганы белгилүү болду.
Асел Кененбаева буга чейин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасында техникалык маселелер боюнча директордун орун басары кызматын ээлеп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн