Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мамлекеттик сатып алууда мыйзамдар так аткарылбай келет, - Мавлянова

21.05.2020 15:21
1085
Мамлекеттик сатып алууда мыйзамдар так аткарылбай келет, - Мавлянова


Мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдар так аткарылбай келет. Бул тууралуу бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова Башкы прокурордун 2019-жылга карата мыйзамдуулуктун абалы боюнча отчету каралып жаткан учурда билдирди.


Анын айтымында, тендердик тандап алуу шарттары бузулуп жатат. “Бул чөйрөдө мыйзам бузуулар өтө көп. Башкы прокуратура ар бир мыйзамдын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөп, катачылыктарды жоюшу керек”, – деди депутат.  


Ал эми башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бул жаатта 645 текшерүү жүргүзүлүп, 1000ден ашуун мыйзам бузуу аныкталганын маалымдады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн