Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 17:01
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

21.04.2020 17:53
1138
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди


Президенти Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 15-апрелде кабыл алынган.


Аталган мыйзам менен ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана күчөтүлгөн даярдык режиминде ыкчам мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында 2015-жылы 3-апрелде кабыл алынган № 72 Мыйзамдын 4-беренесине (Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер) жана 21-беренесине (Түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алуулар) айрым өзгөртүүлөр киргизилген.


Эске салсак, мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн