Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 10:51
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Мамлекеттик сырды сактабаган майор кызматтан алынды

06.10.2021 14:13
692
Мамлекеттик сырды сактабаган майор кызматтан алынды

Ушул жылы июль айында кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик жана аскердик сырды камтыган маалыматтарды сактоо эрежелери бузулгандыгы аныкталган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.


Анын жыйынтыгында, «Кадамжай—унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жетекчиси, майор Р.Д. ээлеген кызматынан бошотулган.


Учурда Р.Д.нын үстүнөн бир нече кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө.


Сентябрь айында Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен Р.Д. Жазык кодексинин 268-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) 2-пункту боюнча эки айга камакка алынган.


«Кадамжай—унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү пункту Баткен облусунда, кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан.


Р.Д. деген инициалдарга майор Руслан Деркембаев туура келет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн