Бугу 13, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор түзүлдү

19.08.2021 14:22
662
Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоор түзүлдү


Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун “Инсандын руханий - адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепциясын” бекитүү жөнүндө Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, академик С.Ж.Мусаев баштаган комиссиянын жамааты менен КТРКнын журналисти И.Тарасованын жолугушуусу болуп өттү.  Бул тууралуу мамлекеттик тил комиссиясынан кабарлашты.


Анын жүрүшүндө И.Тарасованын “Биз сүйлөйүбүз, сиз сүйлөңүз!”- аттуу автордук долбоорун биргелешип жүзөгө ашырууну сунутап, макулдашылды. 


Долбоордун башкы идеясы – Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү. Бул демилге өлкөбүздүн ар бир мамлекетчил жаранын кайдыгер калтырбайт, мекенчилдик сезимин ойготот деген ойдобуз. Бул Кыргызстандын улуттук идеяларынын бири экендиги талашсыз. Аны жалпы коомчулукка алып чыгып, бардык деңгээлдерде талкуулоо жана жайылтуу абдан маанилүү.


Долбоорго катышууга жана аны жүзөгө ашырууга өзүн өлкөбүздүн патриоту деп санаган, анын тагдырына, бүгүнкүсүнө жана келечегине кайдыгер карабаган ар бир жаранды чакырабыз. Ошондой эле кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандардын да катарыбызга кошулуусун күтөбүз, кыргыз тилин үйрөнүү менен кыргыз элинин бай руханий дүйнөсүн, тарыхын, маданиятын үйрөнүүгө эшик ачылат. Долбоорго катышууну каалагандар өздөрү тууралуу бир мүнөттүк видео-презентация жиберүүсү керек.

            [email protected] 0551996504, 0312315821, 0551996517

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн