Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мамлекеттик үлүшү бар мекемелерге көзөмөл күчөтүлөт

23.05.2023 16:22
258
Мамлекеттик үлүшү бар мекемелерге көзөмөл күчөтүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинде жыйын өткөрдү.


Жыйындын жүрүшүндө I жана II кварталда республикалык бюджеттин аткарылышына байланыштуу маселелер талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик ишканалардын, өнүктүрүү фонддорунун жана мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун ишмердүүлүгү талкууланды.


Жыйындын соңунда Министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор үчүн бирдиктүү отчеттуулук формасын иштеп чыгуу жана бекитүү, ошондой эле алардын ишине көзөмөлдү күчөтүү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн