Бугу 12, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мамлекеттин эсебинен байыгандар жоопко тартылсын! Сурамжылоонун жыйынтыгы

13.05.2020 12:12
974
Мамлекеттин эсебинен байыгандар жоопко тартылсын! Сурамжылоонун жыйынтыгы


“Чоң казат” аттуу кыймыл жана анын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев “мамлекеттин эсебинен байыган” деген жүйө менен кээ бир адамдардын мүлкүн элге жарыялап, аларды жоопко тартууну талап кыла баштады. Бирок, аты аталган адамдар курулай жалаага кабылганын айтып, “Чоң казат” кайсы бир күчтөрдүн буйругун аткарып жатканын билдирүүдө. Мунун натыйжасында тараптар акыйкаттык издеп укук коргоо органдарына барып, экөөнө тең иликтөө иштери башталды. Бул нерсенин аягы эмне менен аяктайт азырынча бүдөмүк болуп турат.


Коомчулукта кызуу талкууланып жаткан мындай демилге түрдүү пикирлерге жем таштады. Буга байланыштуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги ушул багытта окурмандар арасында сурамжылоо жүргүзгөн. 


Ага баш  аягы 587  адам катышты. Бул окуя кыргыз тилдүү окурмандар арасында көп талкууланып, көпчүлүгү “Чоң казат” кыймылынын демилгесин колдошорун билдиришкен. Мына ушундай эле пикир орус тилдүү оркумандардын арасында да басымдуу болду. 


Сурамжылоонун жыйынтыгы төмөнкүдөй: 


Ооба, “Чоң казаттын” демилгесин колдоймун - 465 добуш (79,22%)

Жок, булар айрым күчтөрдүн буйругун аткарууда - 122 добуш (20,78%)


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн