Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 13:19
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Мамлекеттин ички карызы 21 млрд сомго көбөйгөнү айтылды

17.03.2020 10:11
783
Мамлекеттин ички карызы 21 млрд сомго көбөйгөнү айтылды


Өкмөттүн 2019-жылда аткарган иши тууралуу баяндамасында өткөн жылы мамлекеттин ички карыздары 21 млрд сомго көбөйгөнү жөнүндө айтылды.


Депутат Кенжебек Бокоев бул карыздарды канча пайыздык үстөгү менен алынганына кызыкты. 


«Алынган насыя карыздардын баарынын артында пайыздык үстөгү турат да, туурабы. Мисалы, Кытайда ички карыздарды 2 пайыздык үстөгү менен алат, ал эми бизде 13 пайызга чейин чыгып кетип жатпайбы. Деги карыздардын орточо пайызы менен мөөнөтүн атай аласыңарбы?», - деп сурады депутат К.Бокоев.


Каржы министрлигинин өкүлү Марлен Амандыков өткөн жылы мамлекеттин ички карыздарынын жалпы көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу азайганын билдирди. 


«Алынган насыялардын пайыздык үстөгү негизинен алардын мөөнөтүнө жараша болгондуктан, бирдиктүү санды атоо кыйын. Мисалы, 3 айлык баалуу кагаздардын үстөгү – 4,5 пайыз, ал эми 7 жылдык мөөнөттөгү баалуу кагаздардыкы – 12 пайыз», - деген жообун берди Каржы министрлигинин өкүлү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн