Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:34
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Мамлекеттин менчигине 2,4 млн сомдук кыймылсыз мүлк кайтарылды

02.04.2021 11:54
617
Мамлекеттин менчигине 2,4 млн сомдук кыймылсыз мүлк кайтарылды

Үстүбүздөгү жылдын 10-февралында “Кадастр” ишканасынын Сокулук филиалынын директору Т.А.К. жана көрсөтүлгөн мекеменин жетектөөчү адиси М.Р.А. кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Белгилүү болгондой, алар УКМК тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында колго түшкөн.

Т.А.К. жана М.Р.А. жабык акционердик коомдун директорлорунун бирине жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны мыйзамсыз даярдашкан.

Жогоруда аталган адамдардын жасаган кылмыш иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 2,4 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

2021-жылдын 31-мартында Чүй облусунун административдик соту көрсөтүлгөн жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берди.

УКМК тарабынан М.Р.А. жана Т.А.К. карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануудан башка 11 кылмыш иши тергелип жатат.

УКМК тиешелүү ыкчам тергөө иш-чараларын улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн