Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 02:25
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мамлекеттин тагдырын кимдин колуна тапшырабыз?

08.01.2021 11:45
1076
Мамлекеттин тагдырын кимдин колуна тапшырабыз?

Бүгүн 8-январь шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү. Эртең 9-январь – добуш берүү күнүнүн алдындагы жымжырттык өкүм сүрө турган күн. Ушул күнү 2020-жылдын 15-декабрынан бери карай жүрүп келген үгүт иштерине анализ жасап, ийне-жибине чейин өз элегибизден өткөрүп, чечим кабыл алууга шарт түзүлөт. Эч бир талапкер же алардын үгүтчүлөрү сиздин жеке чечимиңизге таасир эте албайт. Сиз дээрлик бир айга чукул убакыт ичинде талапкерлердин кимисинин деңгээли кандай экенин, кимисинин кандай программасы, пландары бардыгын маалымат каражаттары аркылуу биле алдыңыз. Ар бир өз бейнесин өз деңгээлдерине жараша ачып берди. Эми аларды туура анализдеп, туура чечим чыгаруу өзүңүздүн гана колуңузда.


Ар бир шайлоочунун берген добушу төмөнкү максаттарга багытталышы керек. Биринчиден, акыйкаттык жана адилеттүүлүк үчүн. Бул сапаттарга ээ президенттин иши түз жана натыйжалуу болот. Экинчиден, билимдүүлүк жана маданияттуулук үчүн өз добушуңузду багыттаңыз. Билимдүү адам гана караңгыдан жол таба алат. Маданияттуу адам башкаларга да үлгү болот. Билим менен маданият айкалышкан жерде өнүгүү орун алат. Эң башкысы тазалык үчүн добуш бериңиздер. Себеби, өзү таза адам гана башкалардан тазалыкты талап кылат. Эгерде өзү коррупцияга малынган болсо, мамлекеттин казынасына кол салуу менен байыса, же коррупционерлердин колдоосу менен жеңишке жеткиси келип жатса, анда ал эртең эч качан таза иштеп бербейт. Себеби, өзүнүн кыңыр иштери ачылып калуусунан коркот.


Акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү туу туткан, билимдүү, маданияттуу, таза инсан мамлекет башына келсе, ал мыйзамдын диктатурасын орното алат. Мыйзам кынтыксыз иштеген жерде коррупция да, уурулук да, паракорлук да, уюшкан кылмыштуулук да токтойт. Ар ким өз иши менен алек болууга өтөт. Мугалим окутуучулугун, врач калктын саламаттыгын, дыйкан талаа иштерин, ишкер соодасын, саясатчы саясатын аркалайт. Адилетсиздик, билимсиздик, маданиятсыздык күч алган жерде мыйзам иштебейт. Натыйжада баары саясат менен алек болуп калат. Анын жемиши кандай болорун жон терибиз менен сезип отурабыз.



10-январь – бул мамлекеттин тагдырын өзүбүз бекем ишенген адамдын колуна тапшыра турган күн. Бул күнү биз басым жасабашыбыз керек болгон жагдайлар төмөнкүлөр. Биринчиден, добушту акчага сатуудан алыс бололу. Экинчиден, тууганчылык, жердешчиликке басым жасабайлы. Эгер административдик ресурстар колдонулуп жатса, андан коркпойлу. Себеби сиздин кимге добуш бергениңизди бир Кудай, анан өзүңүз гана билесиз.


Эң башкысы шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң, көпчүлүктүн тандоосун сыйлаганды биринчи орунга коелу. Көпчүлүктүн тандоосу – бул элдин тандоосу болуп саналат. Элдин тандоосун сыйлап, шайланган президенттин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү керек. Ага түрдүү тоскоолдуктарды жаратпай, тескерисинче арка-жөлөк болууга тийишпиз. Себеби, биздин баарыбыздын мамлекетибиз бирөө гана – Кыргызстан. Эң башкысы өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк, өнүгүп-өсүү, бакубат жашоо болсун. Мамлекеттин тагдырын кимдин колуна тапшырабыз?


Бүгүн 8-январь шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү. Эртең 9-январь – добуш берүү күнүнүн алдындагы жымжырттык өкүм сүрө турган күн. Ушул күнү 2020-жылдын 15-декабрынан бери карай жүрүп келген үгүт иштерине анализ жасап, ийне-жибине чейин өз элегибизден өткөрүп, чечим кабыл алууга шарт түзүлөт. Эч бир талапкер же алардын үгүтчүлөрү сиздин жеке чечимиңизге таасир эте албайт. Сиз дээрлик бир айга чукул убакыт ичинде талапкерлердин кимисинин деңгээли кандай экенин, кимисинин кандай программасы, пландары бардыгын маалымат каражаттары аркылуу биле алдыңыз. Ар бир өз бейнесин өз деңгээлдерине жараша ачып берди. Эми аларды туура анализдеп, туура чечим чыгаруу өзүңүздүн гана колуңузда.


Ар бир шайлоочунун берген добушу төмөнкү максаттарга багытталышы керек. Биринчиден, акыйкаттык жана адилеттүүлүк үчүн. Бул сапаттарга ээ президенттин иши түз жана натыйжалуу болот. Экинчиден, билимдүүлүк жана маданияттуулук үчүн өз добушуңузду багыттаңыз. Билимдүү адам гана караңгыдан жол таба алат. Маданияттуу адам башкаларга да үлгү болот. Билим менен маданият айкалышкан жерде өнүгүү орун алат. Эң башкысы тазалык үчүн добуш бериңиздер. Себеби, өзү таза адам гана башкалардан тазалыкты талап кылат. Эгерде өзү коррупцияга малынган болсо, мамлекеттин казынасына кол салуу менен байыса, же коррупционерлердин колдоосу менен жеңишке жеткиси келип жатса, анда ал эртең эч качан таза иштеп бербейт. Себеби, өзүнүн кыңыр иштери ачылып калуусунан коркот.


Акыйкаттыкты, адилеттүүлүктү туу туткан, билимдүү, маданияттуу, таза инсан мамлекет башына келсе, ал мыйзамдын диктатурасын орното алат. Мыйзам кынтыксыз иштеген жерде коррупция да, уурулук да, паракорлук да, уюшкан кылмыштуулук да токтойт. Ар ким өз иши менен алек болууга өтөт. Мугалим окутуучулугун, врач калктын саламаттыгын, дыйкан талаа иштерин, ишкер соодасын, саясатчы саясатын аркалайт. Адилетсиздик, билимсиздик, маданиятсыздык күч алган жерде мыйзам иштебейт. Натыйжада баары саясат менен алек болуп калат. Анын жемиши кандай болорун жон терибиз менен сезип отурабыз.


10-январь – бул мамлекеттин тагдырын өзүбүз бекем ишенген адамдын колуна тапшыра турган күн. Бул күнү биз басым жасабашыбыз керек болгон жагдайлар төмөнкүлөр. Биринчиден, добушту акчага сатуудан алыс бололу. Экинчиден, тууганчылык, жердешчиликке басым жасабайлы. Эгер административдик ресурстар колдонулуп жатса, андан коркпойлу. Себеби сиздин кимге добуш бергениңизди бир Кудай, анан өзүңүз гана билесиз.


Эң башкысы шайлоонун жыйынтыгы чыккан соң, көпчүлүктүн тандоосун сыйлаганды биринчи орунга коелу. Көпчүлүктүн тандоосу – бул элдин тандоосу болуп саналат. Элдин тандоосун сыйлап, шайланган президенттин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү керек. Ага түрдүү тоскоолдуктарды жаратпай, тескерисинче арка-жөлөк болууга тийишпиз. Себеби, биздин баарыбыздын мамлекетибиз бирөө гана – Кыргызстан. Эң башкысы өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк, өнүгүп-өсүү, бакубат жашоо болсун.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн