Мамлекеттик мүлктү парламенттин макулдугусуз сатуу боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Демилгени Дастан Жумабеков көтөрүп, мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүүнү көздөгөнүн айтты.
Ал эми өкмөт стратегиялык объектилерди да парламенттин эмес, Коопсуздук кеңешинин макулдугу менен сатуу укугун берүү корутундусун чыгарган.
Буга көпчүлүк депутаттар каршы чыгып, анча маанилүү эмес, коррупционер, кылмышкерлерден алынган мүлктөрдү өкмөт өз алдынча чечсе болорун, бирок ири жана стратегиялык объектилер сөзсүз ЖКнын кароосунан өтүшү керектигин айтышты.
Жанар Акаев "Манас" аэропортун тажрыйбасыз, аты-жыты белгисиз түркиялык компанияга сатуудан депутаттар сактап калганын мисал келтирди. Мындай болсо канчалаган кендер дагы белгисиз тараптарга сатылып кетиши мүмкүндүгүн эскертти.
Шайлообек Атазов бул демилге Жогорку Кеңештин канат-куйругун кыркуу болуп саналарын белгиледи. Натыйжада экинчи окууда өзгөртүү киргизүү талабы менен концепциясын колдошту.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн