Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 01:36
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Манас Осмон: Төңкөрүштү арзуулаган айрым казак боордошторго Кыргызстан үлгү болушу керек

04.01.2022 18:31
1418
Манас Осмон: Төңкөрүштү арзуулаган айрым казак боордошторго Кыргызстан үлгү болушу керек

Казакстан сыяктуу Борбор Азиянын эң үлкөн мамлекетин төңкөрүшкө түртүп, карга, кузгундарга жем кылбашы керек. Муну ар бир казак ойлонбосо, Борбор Азияда абал оорлошот. Кесепети коңшуларга да тиет. Төңкөрүштү арзуулаган айрым казак боордоштор үчүн Кыргыз мамлекетинин азыркы абалы сабак болууга тийиш. 


Казакстан күчтүү, кадырлуу, кен байлыктарга жыш, бай өлкө. Куралдуу күчтөрү, анын ичинде ИИМ, УКМК жана чек ара кызматы да, баралына келген. Мамлекеттик түзүлүшүнө доо кеткен эмес. Казак туугандарга коңгуроо какканыбыз мындай. Төңкөрүш болгон өлкө автоматтык түрдө 30 жыл аркага кетет. Эл бөлүнөт, кызматтык түзүмдөрдүн баркы кетет, кокустан келгендер өлкөнү талап, тонойт. Сырткы күчтөрдүн таасири күчөйт. 


Азыр дүйнөдө кандай өлкөлөрдө төңкөрүш болот? Аркада калган, аскердик техникалары жок, күчсүз мамлекеттерде. Анан да, төңкөрүш боло берген өлкөлөрдү эч ким тоготпойт, ишкерлер чочулайт, бизнесин алып чыгып кетүү жолдорун издейт. Анткени, акча тынчтыкты сүйөт.


Эл жаңыланууну, жаңы адамдарды көрүүнү эңсеп жатат. Бирок, жаңы Казакстанды төңкөрүштүн жолу менен түптөө акылсыздык. Кандай болгондо да, шайлоону күтүү керек!


Манас Осмон

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн