Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Манас Осмон: Ким азыркы депутаттарды мактаса, ошонун карьерасына арык чаап берди

16.03.2021 11:34
1201
Манас Осмон: Ким азыркы депутаттарды мактаса, ошонун карьерасына арык чаап берди


Президент Садыр Жапаров “Азаттыкка” курган маегинде Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, тарыхта кала тургандай чоң-чоң иштерди жасаганын айтты. Өлкө башчысынын мындай билдирүүсү боюнча журналист Манас Осмон “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине төмөндөгүдөй комментарий берди.


- 6-чакырылыштын депутаттарынын тарых алдында 2 жумушу бар. Биринчиси, Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып, камалышына шарт түзүп берди. Экинчиси, Садыр Жапаровду төңкөрүштөн кийин бекитип беришти.

Аларды мактоого эч кандай негиз жок. Мамлекеттик түзүлүш, система жана бардык тармактарда кемчиликтер ушул парламенттин кезинде ишке ашты. Эл итке минди. Жүгүнгөндүн, саткынчылыктын өрнөгүн көрсөтүштү.

Эгер кайсы бир саясатчы мактап атса, 6-чакырылыштын депутаттары ошол гана топтун саясий карьерасына арык чаап берди.

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Не важно
Аа десе бээ деген түркөйлөр акылдуусунгандан тажаган жокпу? Акыркы ЖК нын чечими эл учун иштейт деген кепти айтты го. Жок дегенде кетээрде туура чечим чыгарып беришти мурда кандай чечим чыгарса да ага оздору жооптуу.