Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 19:57:32
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Манас Самидинов Ысык-Көл» жана «Каракол» аэропортторунун иши менен таанышты

12.07.2022 09:04
887
Манас Самидинов Ысык-Көл» жана «Каракол» аэропортторунун иши менен таанышты


«Манас» ААК башкармалыгынын төрагасы - башкы директору Манас Самидинов Ысык-Көлгө болгон сапарынын алкагында «Ысык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунун иши менен таанышты. Бул тууралуу «Манас» аба майданынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Манас Самидинов Ысык-Көл облусунда жайгашкан аба майдандары тууралуу кеңири маалымат алып, аэробекеттердин иши менен таанышып өттү.

«Ысык-Көл» аэропортуна болгон иш сапар учурунда Самидинов аба майданынын баардык кызматкерлери менен жолугушуп, сууролоруна жооп берип, алдыга коюлган пландар менен бөлүштү.

Башкы директордун айтымында, жакынкы убакытта аэропорттун жабдуулары, техникасы модернизация жана жаңыртуу иштеринен өткөнү жатат. Андан тышкары, жакын арада «Ысык-Көл» аэропортунун аймагында жүк ташуу терминалы да ачылганы турат.

Жолугушуунун жыйынтыгында аэропорт кызматтарынын жетекчилерине алдыга коюлган маселелерди кыска мөнөттө чечүүгө тапшырма берилди.

Каракол шаарына болгон иш сапарында Манас Самидинов «Каракол» аэропортунда жүрүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Эске салсак, азыр айтылган аба майданында жаңы аэробекет курулуп жаткан учур. Пландарга ылайык, объект 2023-жылдын аягында ишке берилет.

Иш сапар алкагында аймактык аэропортторго көңүл максималдуу түрдө бөлүнөрүн Манас Самидинов белгилеп өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн