«Манас» эл аралык аэропорту» ААК Баткен облусуна дарыгерлерди, аскер кызматкерлерин жана жүргүнчүлөрдү ташыган каттамдарды жерде тейлөө кызматтары үчүн акы төлөөдөн бошотту. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушун жана куралдуу кагылышууну эске алып, «МЭА» ААК «Тез Жет» авиакомпаниясынын учактарын 2021-жылдын 29-апрелинен 7-майына чейин «Манас», «Ош», «Баткен» эл аралык аэропортторунда жана «Исфана» аэропортунда жерде кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөөдөн бошотуу чечимин кабыл алды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн