Тогуздун айы 07, 2024
Убакыт: 12:28
USD
84.70
85.20
EUR
92.60
93.60
RUB
0.880
0.925

«Манас» аэропорту Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудитинен ийгиликтүү өттү, - Самидинов

07.10.2024 10:04
128
«Манас» аэропорту Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудитинен ийгиликтүү өттү, - Самидинов


“Манас” эл аралык аэропорту Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинен ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

Ал белгилегендей, бул коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана иштин сапатын таануу гана эмес, аэропорт эл аралык стандарттарга шайкеш келет дегенди түшүндүрөт.

“Биринчиден, ИКАО аудитинен ийгиликтүү өтүшүбүз биз үчүн маанилүү окуялардан болду. Бул аудиттин мыкты жыйынтыгы кызматкерлерибиздин кесипкөйлүгү жана мыкты болууга умтулгандыгы аркасында мүмкүн болду. “Манас” эл аралык аэропорту техникалык персоналдан тартып пилотторго жана диспетчерлерге чейинки ар бир кызматкер бул ийгиликке өз салымдарын кошту. Биз масштабдуу модернизацияны жана республиканын бардык аэропортторун оңдоо иштерин жыйынтыктап жатабыз. Эми биздин объекттер азыркы талаптарга жооп берет, демек бул бизге алардын эксплуатациялык натыйжалуулугун олуттуу жогорулатууга жана жүргүнчүлөр менен авиакомпаниялар үчүн шарттарды жакшыртууга жол ачат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, аудиттин максаты авиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү стандарттарды жана тажрыйбаларды баалоо болуп саналат. Бул процесс Кыргызстандагы авиациялык кызматтардын сапатын жана коопсуздугун гана жакшыртпастан, өлкөнүн Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуусуна да салым кошо алат.

Аудиттин ийгиликтүү аякташы Кыргызстандын авиация тармагынын эл аралык беделин чыңдоо менен катар эле аба транспортун өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн