Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

«Манас» аэропорту ички авиакаттамдарды жандантууда

08.06.2020 17:06
1022
«Манас» аэропорту ички авиакаттамдарды жандантууда

«Манас» эл аралык аэропорту Кыргызстан боюнча авиакаттамдарды жандантууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка караганда, бүгүн, 8-июнда Бишкек–Ош–Бишкек каттамы боюнча алгачкы ички авиарейстер тейленди. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны – 208.


"Өлкөдөгү бардык ири аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн жана тейлөөчү кызматкерлердин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары кабыл алынды. Кыргызстандын  аймагындагы «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропортторунун аэробекеттер комплексинин имаратына беткап жана авибилети бар гана жүргүнчүлөр кире алат. Бардык жүргүнчүлөр автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялык тоннелдерден өтөт. Аэропорттордун имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер бар", - деп айтылат маалыматта. 


Ошондой эле, өлкөнүн башка ири шаарларына авиакаттамдар качан жанданары азырынча белгисиз экенин жана бул маселе Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалга байланышуу болорун маалымдашты. 


Ал эми Ош–Тамчы аба каттамын 15-июндан тарта жандантуу пландалып жаткандыгын  өкмөттүн Ысык-Көл облусудагы өкүлү Акылбек Осмоналиев брифинг учурунда билдирген. 


Ал ошондой эле, пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн жетекчилерине айтылган санитардык эрежелерди көзөмөлдөөгө катуу талаптар коюлганын айтып, 25-июндан тарта балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлери иштей баштарын белгилеген. 


Буга чейин Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев өлкө аймагындагы аэропорттор эл аралык авиакаттамдар үчүн 15-июндан тартып даяр болорун жана республикалык ыкчам штаб ушундай чечим кабыл алганын маалымдаган. 


Ошондой эле, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейин «Манас» эл аралык аэропортунда ички аба каттамдарын жандандырууга даярдык менен таанышуу учурунда: «Ички аба каттамдарын жандандыруу инфекциянын жайылышы боюнча белгилүү бир тобокелдиктерди алып келет. Ошондуктан бардык көзөмөлдөөчү органдар текшерүү алгоритмдерин так аткарып, зарыл шартта ыкчам чара көрүүгө тийиш. Келген жүргүнчүлөргө көзөмөл катуу болушу шарт. Мындан тышкары билет баасынын жогору экендиги тууралуу жарандардын кайрылуулары түшүүдө. Тармактык органдар бул маселени иштеп чыгып, жөнгө салышы керек», - деп билдирген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн