“Манас” эл аралык аэропорту Кыргызстан боюнча туруктуу жүргүнчү ташуу авиакаттамдарын тейлөөнү жандантты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдирди.
Маалыматка ылайык, карантинден кийин бүгүн, 8-июнда Бишкек–Ош–Бишкек каттамы боюнча алгачкы ички авиарейстер тейленип, 208 жүргүнчү учуп келген.
Республикалык Штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык, өлкөдөгү бардык ири аэропорттордо жүргүнчүлөрдүн жана тейлөөчү кызматкерлердин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары кабыл алынганы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн