Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 18:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

“Манас” аэропортун модернизациялоо боюнча сынак өтөт

15.07.2022 13:17
571
“Манас” аэропортун модернизациялоо боюнча сынак өтөт


Быйыл “Манас” аэропортун модернизациялоо боюнча сынак өткөрүп, келишимге кол коюу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун директору Санжарбек Болотов билдирди.


Анын айтымында, буга чейин бардык даярдык иштери аяктап, инвесторлордун конференциясы өтүп, ага Германия, Корея, Индия, Аргентина, Россия, Түркия жана Франциянын компаниялары катышкан.


«Андан кийин долбоорго кызыккан башка компаниялар да кайрылышкан. Азыр тендерди жарыялоо боюнча жетекчилик менен кеңешип бүтүп жатабыз», - деди ал.


Санжарбек Болотов белгилегендей, долбоор аэропорттун инфраструктурасын жакшыртууга, ошондой эле туризм тармагын колдоого, түз авиакаттамдарды ачууга, тейлөөнү жакшыртууга, аэропортту иштетүүдөн мамлекеттин кирешесин көбөйтүүгө жана башкаларга жардам берет.


«МЖӨ менчиктештирүү эмес. Бул убактылуу мамиле. Натыйжада жаңыланган жана жакшыртылган аэропортко ээ болобуз. Бул долбоор ишке киргенден кийин башка аэропорттордун базасында долбоорлорду ишке ашыра баштайбыз деп ойлойм. Жакында алардын диагностикасы аяктап, сунуштар берилет», - деп кошумчалады ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн