Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

«Манас» аэропортунда учактарды текшерүү иш-чарасынан фоторепортаж

17.03.2020 16:13
1005
«Манас» аэропортунда учактарды текшерүү иш-чарасынан фоторепортаж


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Манас» эл аралык аэропортуна барып, Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүнүн жана жайылышынын алдын алуу боюнча тиешелүү кызматтардын текшерүү чараларын ишке ашыруусу менен таанышып чыкты.


Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи вице-премьер-министр Россия Федерациясынан келген жүргүнчүлөрдү текшерүүгө катышты. 


Учак менен 120 жүргүнчү келген. Алардын баары учактын ичинен, андан соң конуу залынан дыкат медициналык текшерүүдөн өтүштү. Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүнчүлөрдүн кайсы өлкөдөн келгендиги аныкталып, Республикалык штаб тарабынан бекитилген өлкөлөрдүн 3 категориясы боюнча бөлүнөт. 


«Жугуштуу вирустун өлкөгө кирүү тобокелдиктеринин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында бардык өткөрмө жайларында текшерүүчү кызматкерлерди коргоочу кийимдер жана атайын каражаттар менен максималдуу түрдө камсыз кылуу зарыл. Текшерүү процедураларын оптималдаштыруу керек. Тиешелүү мамлекеттик органдар бул багытта биргелешкен иш алып барышсын», - деген талап койду Кубатбек Боронов.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн